Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.04.2019 15:48

Ноокенде жардан кулаган киши бир күндөн кийин табылды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда куткаруучулар жардан кулаган жаранды табышты. Анын абалы канааттандырарлык, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 1978-жылы туулган М.И. аттуу эркек киши жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Кырсык болгон жерге ӨКМдин Ноокен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, саат 02:40ка чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. Бүгүн, 16-апрель күнү ӨКМдин Ноокен райондук №55 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те издөө иштери улантылып, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан. Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүп, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришкен. Анын абалы канааттандырарлык, ал бутун кокустатып алган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×