Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.05.2019 08:21

Бачок участкасында сууга түшүүгө болбойт, адамдар чөгүп кетиши мүмкүн, - ӨКМ (видео)

Turmush -  ӨКМдин суучулдар кызматы өлкө аймагындагы сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган суу объектилердин кооптуу тилкелерин аныктап жатышат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

14-15-май күндөрү суучулдар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан Бачок участкасында иштешти. Алар жалпысынан 25 метр тереңдикте болушуп, жээктен 12 метр тереңдикте ар кандай көлөмдөгү темир-тезектер, таштандылар, 1 метрлик балыр чөптөр бар экенин билдиришти.

Суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов билдиргендей, Бачок участкасы сууга түшүүгө ыңгайлашкан эмес жана эс алуу максаты менен сууга түшүүгө келген жарандарга коркунуч туудурат.

«Бул жерде сууга түшкөнгө болбойт, адамдар чөгүп кетиши мүмкүн», - деди полковник У.Шамырканов.

Бачок участкасы Ноокен районунун Достук айыл аймагындагы Бишкек—Ош автоунаа жолунун 444-чакырымынын оң тарабында, Таш-Көмүр ГЭСнин түндүк тарабында жайгашкан. Болжол менен тереңдиги 75 метрди түзөт. Акыркы 5 жыл аралыгында 3 адам сууга чөгүп каза болгон.
Мындай иш-чаралар республикадагы кооптуулук жараткан суу объектилеринде өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×