Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 05.06.2019 13:03 На русском

Акталбаган мээнет: Ноокендик дыйкандар бадыраңды 5 сомдон араң сатууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда талаачылыкка баш оту менен киришкен дыйкандар жаңыдан бышкан жашылча-жемиштерин арзан баада сатууга аргасыз болушууда.

Достук айыл аймагындагы дыйкандардын айтымында, жашылча-жемиштердин ичинен бадыраңдын бышканына 10 күндөн ашты. Деген менен анын бир килограммын 3-5 сомдон сатууга аргасыз болушууда.

Кызыл-Туу айылынын 30 жаштагы тургуну Бактияр Усаровдун айтымында, быйыл ал 1 гектарга жакын аянтка помидор, бадыраң, болгар калемпирин жана капуста эккен.

«Биздин негизги киреше булагыбыз — дыйканчылык. Ушул жылы жалпы 1 гектарга жакын аянтка жашылчалардын түрүн өстүрдүм. Жыл сайын эле талаага жашылча эгилет. Быйыл бадыраң бышкан мезгилде баа төмөндөп кетти. 2-3 күн гана килограммын 15 сомдон өткөрдүк, азыр 3-5 сомдон араң сатуудабыз. Эгерде баа ушул бойдон калса биздин мээнет акталбай калат. Өткөн жылы помидордун баасы 3-8 сомго чейин болчу. Дыйкандын эмгеги турсун, жерди иштетүү үчүн техникага, күйүүчү майга, жер семирткичке кеткен чыгымдарды актабай калып жатат», - дейт Бактияр Усаров.

Дыйкандар коңшу Өзбекстанда жашылча-жемиштер көп өстүрүлгөндүктөн элеттик дыйкандардын эмгеги акталбай жатканын айтып, бийликти жергиликтүү дыйкандардын үнүн угууга чакырышты.

Талаада 5 сомго чейин бааланган бадыраң Жалал-Абад базарында 20 сомдун айланасында сатылып жатат. Былтыркы жылы помидордун баасы кескин арзандагандыктан талаада терилбей калган учурлар да болгон.

Достук айыл аймагында 1800 гектар айдоо аянты бар. Анын 40 пайызына насостук станция аркылуу суу берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×