Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 17.06.2019 18:10

Ноокенде буудай жыйноо иштери башталды

Turmush -  Ноокен районунун аймагында бышкан буудайды жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Ноокен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Турдумамбет Эшиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, райондо быйыл 1155 гектар жерге күздүк буудай, 1830 гектар жерге жаздык эгилген. Аталган аянттын ичинен 675 гектар кайрак жер. Быйылкы жылы кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгү жогору. Учурда дыйкандардын түшүмү 1 гектардан 48 центнерге чейин болууда. Өткөн жылы 37 центнерден түшүм жыйналган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×