Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 28.06.2019 13:07

Зияда Юлдашева Ноокен районунун акиминин орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Юлдашева Зияда Исламовна Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бүгүн, 28-июнда жаңы орун басар жамаатка тааныштырылгандыгын өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

З.Юлдашева көп жылдардан бери билим берүү тармагында иштеп, акыркы жылдары №16 Ж.Турусбеков атындагы мектептин директору кызматын аркалап келген.

Ал эми буга чейин акимдин социалдык иштер боюнча орун басары болуп иштеп келген Н.Бекжигитова ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен.

59

Өмүр баяны

Туулган жылы: 1967-жыл

Туулган жери: Ош облусунун Араван районунун Төбө-Коргон айылы

Билими

- 1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетин аяктаган, кесиби боюнча математик мугалим

Эмгек жолу

- 1989-1996-жылдары — Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектепте мугалим;

- 1996-2000-жылдары — Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы;

- 2000-2009-жылдары — Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектепте мугалим;

- 2009-жылдан бери Ж.Турусбеков атындагы №16 орто мектептин директору кызматын аркалаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×