Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.07.2019 10:08

Ноокенде талаа күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айылында талаа күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чара Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматы тарабынан өткөрүлүп, анын жүрүшүндө туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасы боюнча практикалык окуулар болду. Учурда Ноокен жана Ала-Бука райондорунда туура тамактанууну жөнгө салуу үчүн жергиликтүү азык-түлүктөрдү өндүрүү системасын колдоо долбоору иштеп жатат.

Маалым болгондой, долбоор 2018-жылы башталган. План боюнча 2020-жылга чейин иш жүргүзүлөт. Ал калкты туура тамактанууга жана органикалык жемиштерди даярдоого үйрөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө фермерлер аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыгышты. Алгач чакан күнөсканада өстүрүлгөн жашылчанын 11 түрүнө күбө болушту. Мында помидор, бадыраң, капустанын түрлөрүн жана кызылчаны кездештирүүгө болот.

Ошондой эле Шайдан айыл аймагындагы №35 Шамшидин Сүйөркулов атындагы орто мектептин короосунда отургузулган карлик түрүндөгү 75 түп жана жергиликтүү 150 түп ар түрдүү мөмө-жемиштердин түрлөрү бар.

Долбоорго катышкан аялдардын эки тайпасы мөмө-жемиштерди мектеп аянтчасында өстүрүүнү туура көрүшкөн. Ошондой эле 15 аялдан турган тайпа мөмө-жемиштерди үй шартында кургатуучу ыкма менен иштеп жатышат. Алар атайын кургатуучу аппараттардын жардамы менен как жасап, витаминдүү шире даярдашат.

Туура тамактанууну жөнгө салуу долбоорунун алкагында сүт багытындагы эчкилерди баккан жарандар дагы бар. Андан сырткары жумуртка берүүчү тооктор дагы багышат. Ушул кезге чейин жалпы 24 чакан күнөскана, 34 кичи парниктер курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×