Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 29.09.2019 21:00

Айыл турмушу: Ноокендик З.Мажитов кичи балык чарбасын түптөдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун тургуну Зафар Мажитов 5 сотых жерге көлмө жасап, кичи балык чарбасын ачкан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул көлмөгө 35 килограмм майда балыкты таштаган. Кылканы аз деп саналган үч түрлүү балыктар март айында сууга салынган. Учурда алды жетилип, 800 граммга жетип калды.

«Бул жайды эс алуучу аймакка айлантып, каалоочулар үчүн балык кармоого жана кармаган балыкты бышырып жей турганга шарт түзүүнү пландап жатабыз. Биздин айылда балык чарбасын иштеткен адамдар жок.

Мындан сырткары 30 сотых жер аянтта бак-дарактар бар. Аны өстүрүү үчүн 10 жылдай мээнет кылдык. Бак-дарактардан дагы түшүмдү мол алуу үчүн бутоо иштерин өз убагында жүргүзүп туруу керек. Зыянкечтерден сактоо аракеттерин көрүү зарыл.

Чет өлкөгө жумуш издеп кетип, эмгек мигранты болгондон көрө өз жериңде жер иштетип, балык чарбасын түптөп, киреше тапса болот», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×