Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.07.2019 08:23

«Эң мыкты айыл өкмөтү» мамлекеттик сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүсү болду.

Сынактык комиссиялар айыл өкмөттөрүн төмөнкү эки топко бөлүп карашкан:

1-топ — алыскы, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айылдары бар айыл өкмөттөр;

2-топ — 1-топко кирбеген айыл өкмөттөрү.

Экинчи топтун арасынан Достук айыл өкмөтү жеңүүчү деп табылып, 1,5 млн сом менен сыйланды. Сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи 24-июлда өкмөттүн коллегиясында өткөн.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, «Эң мыкты айыл өкмөтү» мамлекеттик сынагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатын көздөйт.

Жеңүүчүлөр (1-топтун арасынан)

- I орун жана 1 миллион 500 миң сом байге менен Талас облусунун Манас районунун Май айыл өкмөтү;

- II орун жана 1 миллион сом байге менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтү;

- III орун жана 500 миң сом байге менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтү сыйланды.

2-топтун арасынан:

- I орун жана 1 миллион 500 миң сом байге менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтү;

- II орун жана 1 миллион сом менен Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү;

- III орун жана 500 миң сом байге менен Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтү сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×