Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.08.2019 15:23 Жаңыланды: 06.08.2019 17:39

Айыл турмушу: Ноокендик Ү.Капашов эчкинин сүтү эмнеге пайдалуу экенин айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун 38 жаштагы тургуну Үсөн Капашов сүт багытындагы эчкилердин санын көбөйтүү менен алектенүүдө. Элеттик тургун менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, эки жыл мурун сүт багытындагы эчкилерди көбөйтүү максатында бир теке менен эчки багып баштаган. Учурда анын үйүнө эчкинин сүтүн ичип, дартына шыпаа издеген айыл тургундары күн сайын келишет.

«Буга чейин эчкинин сүтү ден соолукка пайдалуу экенин уккам. Ошол себептүү бир баш эчки сатып алып, анын сүтүн балдарга берип, артканын өзүбүз ичип жүрдүк. Чындыгында эчкинин сүтү уйдун сүтүнө караганда коюу жана витаминдүү болот экен. Мындан сырткары эчкини багуу салыштырмалуу жеңил экенин көрдүк. Кийин биз эчки саап, ичип жатканыбызды кошуналар угуп, келе башташты. Эми күн сайын эртең менен эчкинин сүтүн ичүү үчүн кардарлар үйүбүзгө келет. Азыркы тапта Масы айылынан, жакын жайгашкан Кочкор-Ата шаарынан жана Базар-Коргон районунан адамдар келип жатышат.

Негизи эчкинин сүтүнүн курамында ар түрдүү витаминдерден тышкары, рак оорусуна каршы турган бир канча заттар бардыгы аныкталган экен. Аны өпкөнүн сезгенүүсүнө жана башка дем алуучу бөлүктөрдөгү жугуштуу ооруларды айыктырууда өтө пайдалуу экендиги жана ага чоң таасир бере тургандыгы илим жүзүндө толук тастыкталыптыр. Башында эчкини сатып алганда мындай болот деп ойлогон эмеспиз. Учурда келинчегим күн сайын эртең менен эчкилерди саап, сүтүн кардарларга берет. Кечки сүтүн өзүбүз ичебиз», - дейт ал.

Үсөн Капашовдун айтымында, эчки бир жылда эки жолу төл берет.

«Эчки багуу бодо малга салыштырмалуу бир топ жеңил экен. Азыр биз сүт багытындагы заанен тукумундагы эчкилерди багып жатабыз. Эки баш эчки менен баштаганбыз, учурда алардын саны 20га жетип калды. Эчкини жакшы карасаң беш айда бир төлдөйт. Азыр 3 баш саан эчкибиз бар, октябрь айында төлдөйт. Бул тукумдагы эчкилер адамга жакын болот. Күн сайын эртең менен саап алып, талаага коё беребиз, түштөн кийин өздөрү короого келишет. Ал эми кечкисине талаага чыгарабыз. Жыл сайын жазында эмдеп турабыз», - деди У.Капашов.

Заанен тукумундагы эчки сүт берүү боюнча алдыңкы орунда турат. Алардын текелеринин салмагы 80-90 килограммга чейин, ал эми ургаачылары 60-70 килограммга чейин болот. Мындай тукумдагы эчкилер бир төлдөгөндө 3-4 эм улак тууйт. Саан эчки 10 айга чейин сүт берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×