Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 16.08.2019 17:12

Ноокенде жүгөрүнүн арасына кара куурай өстүрүп жаткан тургун кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жүгөрүнүн арасына кара куурайды өстүргөн факт аныкталды, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Баңгизатка каршы «Мак-2019» операциясынын алкагында, 12-17-август күндөрү «Кара куурай» ыкчам профилактикалык иш-чарасынын жүрүшүндө облустун аймагында өскөн жапайы өсүмдүктөр жок кылынууда. Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан Арал, Сакалды, Ноокен, Момбеков, Бүргөндү, Достук айыл аймактарында өскөн жапайы кара куурай орулуп, өрттөлдү. Жалпы бир гектардан ашуун жерден 1,5 тонна кара куурайды жок кылуу иши жергиликтүү тургундардын жардамы менен ишке ашырылды.

Мындан сырткары, ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана Ноокен РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде кара куурайды үйүндө өстүргөн факт аныкталган.

Ноокен районунун 1991-жылы туулган тургуну Р.А. үйүнүн короосундагы жүгөрүнүн арасына 188 түп, салмагы 131 кг болгон баңгизатын өстүрүп жаткандыгы белгилүү болгон. Бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×