Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.08.2019 20:48

Ноокендеги чарба чет өлкөлөргө үрөн экспорттоп жатат

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Арал айыл аймагында «Абдыкерим» үрөн чарбасы 20 жылдан бери иштейт. Учурда чарбада 15 кызматкер эмгектенип, өндүргөн товарлар чет өлкөлөргө экспорттолуп келет.

Чарбанын жетекчиси Ашырбек Өмүрзаковдун айтымында, бүгүнкү күндө алар Япония, Корея жана Россия өлкөлөрү менен кызматташууда. Акыркы жылдары суроо-талаптарга жараша помидор, пияз, ашкабак, ашкөк, болгар калемпирин өстүрүп жатышат. Кээде дүң баада базарларга дагы алып чыгышат.

«Жыл сайын пландын негизинде иш алып барабыз. Мындан улам үрөн чарбабыз кеңейип жатат. Чарбада техникалар жетиштүү, 4 трактор жана 3 комбайн бар. Быйыл Япония менен түзүлгөн келишимге ылайык 300 түп ашкабак эктик. Учурда алар бышып калды. Эми жакынкы күндөрү алардын үрөндөрүн өткөрүп беребиз. Андан калганын ички базарларга сатабыз. Япониянын калкы ашкабактан түрдүү буюмдарды жасашат экен. Ошондуктан уруктарын өздөрү берип, өстүрүп берүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле экспортко багытталган жашылчалардын үрөндөрүн өндүрүү үчүн фермердик талаа мектеби бар. Анда дыйкандар айыл чарба багытында окуп, керектүү маалыматтарды алышат», - дейт А.Өмүрзаков.

Ноокен районунда жалпы 6 үрөнчүлүк чарба бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×