Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.08.2019 10:03 На русском

Айыл турмушу: Ноокендик Т.Ботобеков тунгуч президент А.Акаевдин жардамы менен багбанчылык бизнесин түптөгөн (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун 61 жаштагы тургуну Турдумамат Ботобеков багбанчылык бизнесин өркүндөтүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын багбан болуусуна тунгуч президент Аскар Акаевдин салымы чоң болгон.

«Союз учурунда өзүм совхоздо көп жыл иштеп жүрдүм, кийинчерээк эл катары талаага пахта эктим. Ошол учурда эле багбанчылык кылууну ойлонуп жүргөн элем. Анан жер сурап, айыл өкмөткө, райондун жетекчисине бир нече жолу кайрылдым. Ошол учурда мамлекеттен жер алуу чоң түйшүк эле. Ошентип өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин алгачкы президент А.Акаевдин багбанчылыкты өнүктүрүү же болбосо айлана чөйрөнү жашылдандыруу долбоорунун негизинде мага айыл өкмөт тарабынан узак мөөнөткө 5 гектар жер ижарага берилди. Ал жерге 600 түп шабдалынын көчөтүн эктим. Бирок алгачкы жылы суу жок болуп, көчөттөрүм куурап калды. Кийин анын ордуна алма, шабдалы, жаңгак, анар, кайналы, курма, өрүктүн көчөттөрүн эктим», - дейт ал.

Т.Ботобеков багбанчылык түйшүктүү иш экенин айтат.

«Көчөт эгип, ага кам көрүү мектепте балага тамга үйрөтүп, аны тарбиялоо сыяктуу. Башында куурап калган көчөттөрүмдү эстеп, абдан кыйналдым. Негизи биздин айылдагы эң чоң көйгөй эгин талааларына суунун жетишсиздиги. Бул көйгөйдү чечүү үчүн көрүнгөн жакка кайрылып, какпаган эшигим калган жок. Акыры айылдагы эски суу чыгаруучу насосту оңдоп, айылдыктар ошону иштетип жүрдүк. Азыр чет элдик донорлордун колдоосу менен тамчылатып сугаруучу түтүктөрдү, челектердин баарын акысыз алып, колдонуп жатам. Бул аппарат келгенден бери сууга үнөмдөө болуп калды. Тамчылатып сугаруунун мөмөгө, даракка жана түшүмдүүлүккө тийгизген таасири абдан чоң экен», - деди багбан.

Анын айтымында, багында учурда 450гө жакын ар кандай мөмөлүү дарактар бар.

«Быйыл 5 тоннадай өрүк, 2 тоннага жакын шабдалы жана 10 таннага жакын кайналы алдык. Калган мөмөлөр эми бышат. Быйыл көчөттөр жаш болгондуктан азыраак түшүм алдык, кийинки жылдары жакшы түшүм болот. Мөмөлөрдү өзүбүздүн жана Шамалдуу-Сайдын базарларына, Бишкекке жөнөтүп жаттык», - деди ал.

Багбандын багынан сырткары талаада 10 гектардай үлүш жери бар. Ал жерге пахта, дарбыз, коон, жүгөрү жана помидор өстүрүп, үй-бүлөлүк кирешени толуктайт.

Т. Ботобековдун 5 баласы, 12 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×