Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.09.2019 16:11

Ноокенде окуучулар арасында кылмыштуулукту азайтуу үчүн акыл таймаш өттү

Turmush -  Ноокен районунда ар улуттун жаштарын ынтымакка чакыруу максатында мектеп окуучулары арасында акыл таймаш өткөрүлүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Таймаш райондогу 4 мектептин окуучулары арасында уюштурулду.

«Биз 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар арасында иликтөө жүргүзүп көрдүк. Көбүнчө ушул курактагы балдар арасында кылмыштуулук же уруш-талаш катталат экен. Буга ата-энелердин эмгек миграцияда жүргөнү жана окуучулар бош убактысын туура эмес пайдаланганы себеп болууда. Ошондой эле бир айыл менен экинчи айылдын жаштарынын ортосунда жаңжал чыккан учурлар болот. Мындан улам Масы айыл өкмөтүндөгү 4 мектептин окуучуларынын арасында ар кандай билим таймаштарды өткөрүп жатабыз.

Буга чейин «Бирге окуйбуз» сынагын өткөргөнбүз. Бүгүн ошол эле мектептердин окуучуларынан 5 команда түзүп, «Акыл ордо» билим таймашын өткөрдүк. Мында көбүнчө Ч.Айтматовдун чыгармаларына басым жасап, суроолор дагы жазуучунун өмүр баянына, чыгармачылыгына байланыштуу болду. Мындай иш-чаралар башка мектептерде дагы улантылат», - деди «Масы» мунициалдык жаштар борборунун адиси Айсара Караева.

Ноокен районунда 65тен ашуун жалпы билим берүүчү орто мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×