Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 04.10.2019 14:04 На русском

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан эки аял мерт кетти. Сүрөт

Turmush -  Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан эки адам мерт кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, жол кырсык 2-октябрда Ош—Бишкек унаа жолунун 516-чакырымында, тактап айтканда Ноокен районуна караштуу Бостон айылында катталган. Майлуу-Суу шаарынын Д.Г. аттуу тургуну өзүнө таандык «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош багытын көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеге чыккан «Хонда-CRV» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Ноокен айылынын З.С. аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 1983-жылы туулган Д.С. (аял) жана жүргүнчүсү — 1981-жылы туулган К.К. (аял) алган жаракатынан улам жол кырсык болгон жерде каза болушкан. Ошол эле унаанын дагы бир жүргүнчүсү — 1981-жылы туулган К.М. жана «Хонда-СРВ» унаасынын айдоочусу З.С. Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда жол кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×