Turmush — Ноокен районунун Ноокен айылындагы жубайлар Мукамбет Капашов менен Адина Капашова 5 жолу эгиз балалуу болушкан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алардын үй-бүлөсү менен таанышып кайтты.
Азыр алар балдары, келиндери жана неберелери менен чогуу бир үйдө турушат. Адина Капашова 5 жолу эгиз төрөгөн. Азыр 6 уул, 1 кызы бар. 3 баласы мурда чарчап калган. 6 уул жана 1 кызынан 16 небере көрүштү. Учурда 4 баласы Россияда иштейт. А.Капашова ардактуу эс алууга чыккан баатыр эне.
Уул-келиндерине жана кызына үй-бүлө күтүү, баланы чоңойтуу, тарбиялоо жана чоң турмушка даярдоо боюнча акыл-насааттарын берип, аларды турмушка үйрөтүп турат. Адина Капашова өзү да көп бала-чакалуу үйдө чоңойгон. Өз апасы да кезегинде «Баатыр эне» наамын алган.