Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда инсульт менен 60 бейтап каттоодо турат. Бул тууралуу аталган борбордун дарыгери Жаркын Бообекова билдирди.
Дарыгер Жаркын Бообекова инсульттун себептери жана алдын алуу жолдору менен бөлүштү.
«Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) — бул жүрөккө же мээге келүүчү кандын агымына тоскоолдук жаралып, кан тамырлардын бүтөлүп калуусу. Анын 3 түрү бар. Ишемиялык, геморрагиялык жана экөөнүн аралашкан түрү.
Ишемиялык инсульт — мээдеги кан тамырдын тосулуп калышынан, ал эми геморрагиялык инсульт — кан тамырдын иштешинин начарлашынан улам пайда болот. Инсульттун негизги белгилеринен болуп, адам сүйлөй албай калат. Оозу, бети кыйшайып, көрүүсү, кыймылы бузулат. Буту-колун көтөрө албай калат. Ушундай белгилер байкалса 4-5 сааттын ичинде адам медициналык жардам алып калуусу керек. Тез жардамды күтүп отура бербей, ооруканага тез жеткиргенге аракет кылуу зарыл. Үйдөн эч кандай жардам бере албайт. Мындай учурда кыймылдатпаш керек. Антпесе, мээге кан сиңип калышы мүмкүн», - деди ал.
Ал инсульттун пайда болушу жана сактануунун жолдору тууралуу айтты.
«Инсульттун пайда болушуна гипертониялык оорулардан, атеросклероз же жаракаттан да инсульт алышы мүмкүн. Ошондой эле, нервдик стресс дагы таасир этет.
Азыр жаштар илгеркидей толук жумуш менен камсыз болгон эмес да. Алар ар кандай жагдайлардан улам стресске кабылып, андан инсультту пайда кылат. Анан албетте, жашоо климатыбыз жана тамак-аш дагы таасир этет.
Инсульт менен жабыркаган бейтап диетаны сактап, тузу аз, жеңил тамактарды пайдалануу керек. Спирт ичимдиктерин ичүүгө жана оор жумуш жасоого болбойт. Инсультту башка оорулар дагы коштойт. Ошондуктан, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуулары шарт.
Адамдар 40-50 жаштан өткөндөн кийин дарыгер сунуштаган канды суюлтуучу дарыларды дайыма ичүү, кан басымды бир калыпта кармоо жана жер-жемишти көбүрөк жеп, кыймылды көбөйтүү менен инсультту алдын алууга болот», - деди Жаркын Бообекова.
Ал өткөн жылга салыштырмалуу быйыл инсульт менен жабыркаган адамдардын саны 6 адамга көбөйгөндүгүн кошумчалады.
Инсульттун белгилери (микроинсульт):
- Капыстан сезимдин жоголушу, дененин кайсы бир бөлүгүнүн уктап калуусу;
- Координацияны жоготуу, басуунун кыйындашы;
- Сүйлөөнүн кыйындашы;
- Эс тутумдун начарлашы;
- Жарыкка жана үндөргө сезгичтиктин жогорулашы;
- Катуу баш оору.