Turmush — Өзгөн районуна караштуу Өзгөрүш айылында үйлөрдү селден сактоо максатында суу тосмо курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, айылда 17 үй жана 15 гектарга жакын үлүш жерлерди коргоо максатында 100 метр суу тосмону курууга ӨКМ тарабынан 250 даана габион торчо, 1 жүктөгүч унаа жана оор жүк ташуучу 2 «ХОВО», жергиликтүү бийлик тарабынан оор жүк ташуучу 2 унаа жана 1 жүктөгүч унаа тартылды. Жергиликтүү тургундардан 80 адамдын жардамы менен 250 даана габион торчолор орнотулуп, 100 тосмону куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.