Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-май — Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, акимдин орун басары Эрмекан Дүйшебаева медайымдарды куттуктагандан кийин ардак грамота, ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырды. Андан кийин аларды жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Канат Мукамбетов, дарыгер Кубанычбек Алмабеков, улук медайым Венера Ибраева куттуктап, медайымдар арасында сынак өткөрүлдү.
Финалга тандалып алынган 5 медайым катышты. Алар саламдашуу, эмблема жактоо, кесиптик чеберчилигин көрсөтүү жана башкалар боюнча атайын түзүлгөн калыстар тобунун сыноосунан өтүштү. 100 упай топтогон Санташ үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Азима Кусеинова «2022-жылдын мыкты медайымы» наамын жеңип алды. Бир упай артта алган балдар бөлүмүнүн медайымы Элвира Сагынбекова 2-орунду, 98 упай алган кайра жандандыруу бөлүмүнүн медайымы Алима Кадырбекова 3-орунду ээледи.
Алар ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланды.