Turmush — Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылындагы К.Сатаров атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусун унаа уруп кетти. Өздүк булактар ал окуя болгон жерде мерт кеткенин билдиришти.
Алдын ала маалыматка караганда, окуя бүгүн, 14-майда түштөн кийин окуучулар мектептен үйлөрүнө бара жаткан учурда катталган.
Күбөлөрдүн айтымында, 3-класстын окуучусу жолдон чуркап бара жатканда «ГАЗель» үлгүсүндөгү унаа уруп кеткен. Ошол тараптагы элдер ага жардам көрсөтүүгө барганда баланын каза болуп калганын аныкташкан.
«Спринтерде» жүргүнчү катары бара жаткандар арасында жабыркагандар бар. Кийинчерээк белгилүү болгондой, «Мерседес-Бенц Спринтердин» айдоочусу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.